Пятница, 17 мая

Садыр Жапаров үч күнгө Ысык-Көлгө иш сапары менен барат

0

Президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусуна иш сапары 19-21-август күндөрү болот. Сапар алкагында мамлекет башчы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан иш-чараларга катышат. Өндүрүштүк жана өнөр жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Бүгүн 19-августта мамлекет башчы Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) саммитинин алкагында уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен жолугушат. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды.

19-20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отуруму өтөт. Жыйынга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун өкмөт башчысы Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышат.
Байкоочу өлкө катары Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана онлайн байланыш аркылуу Кубанын премьер-министри Мануэл Марреро Крус катышат.

Жыйындын күн тартибинде уюм ичиндеги соода кызматташтыгы, төлөмдөр жана башка маселелер талкууланат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз