Четверг, 2 мая

Кыргызстанда жалпы 919 миң 883 адам эмдөөдөн өттү

0

Кыргызстанда акыркы суткада 21 миң 91 адам коронавируска каршы вакцина алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 8 миң 653 адам вакцинанын биринчи дозасын, 12 миң 438 адам экинчи дозасын алган.

Өлкө боюнча жалпы 919 миң 883 адам эмдөөдөн өткөн алган, анын 614 миң 367и биринчи доза менен, 305 миң 516сы экинчи доза менен эмделген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз