Пятница, 22 ноября

Түркияда коронавируска каршы жаңы чектөөлөрдү киргизүү пландалууда

0

Түркияда бийлик вакцина албаган жарандардын кинотеатр жана ресторандарга кирүүсү үчүн милдеттүү түрдө ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын көрсөтүү талабын коюуну пландап жатат. Бул туурасында өлкөнүн президент Режеп Таййип Эрдоган билдирди.

Анын айтымында, 6-сентябрда жаңы окуу жылы башталгандан кийин мектепте иштеген кызматкерлер эмдөөдөн өтпөсө, жумасына эки жолудан ПЦР-тест тапшырып турат.

«Университеттин вакцина албаган кызматкерлерине жана студенттерге маал-маалы менен ПЦР-тесттен өтүү талабын коёбуз. Ошондой эле шаарлар аралык каттамдарга, учууларга жана кинотеатр, ресторан сыяктуу жайларга киргүүгө ПЦР-тестти милдеттүү кылабыз», — деп айткан Эрдоган.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө 5,7 миллион адам коронавирус менен ооруган. Анын ичинен 51 миңден ашуун бейтап каза тапкан. Учурда COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 45 миллиондон ашуун адам алган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз