Суббота, 18 мая

Кыргызстанда 25 миң 886 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

0

Өлкөдө суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 25 миң 886 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 8 миң 305 адам вакцинанын биринчи дозасын, 17 миң 581 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 622 миң 845 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 323 миң 237 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз