Воскресенье, 19 мая

Германия Кыргызстанга 110 миң доза вакцина бермей болду

0

Германия өкмөтү COVAX глобалдык механизми аркылуу Кыргызстанга коронавируска каршы 110 миң доза вакцина берүүнү чечти. Бул тууралуу Германиянын КРдеги элчиси Габриэлла Геллил билдирди.

Мындан тышкары эки тарап кыргыз-немис кызматташтыгын талкуулап, Бишкекте ачылышы пландалган француз-герман маданият институту тууралуу сүйлөштү. Маданий, билим берүү жаатында кызматташтыкты арттырууну макулдашты.

Кыргызстанга COVAX программасы аркылуу Азербайжандан 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы келген. Буга кошумча COVAX программасы 220 миң доза AstraZeneca вакцинасын берген. Өлкөдө 970ден ашуун адам эмделди.

Азыркы тапта Кытайдын Sinopharm, Европанын AstraZeneca, Орусиянын «Спутник V» вакциналары менен 18 жаштан жогорку кыргызстандыктар акысыз эмделип жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз