Пятница, 22 ноября

Бишкекте салыкты калкты тейлөө борборлорунда төлөөгө болот

0

Шаардыктардын ыңгайлуулугу жана аймактык салык башкармалыктарындагы, банктардагы жана почта түйүндөрүндөгү кезек күтүүлөрдү жеңилдетүү үчүн борбордогу калкты тейлөө борборлорунда салык төлөө мүмкүнчүлүгү уюштурулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Белгиленгендей, жарандар салыктарды төмөнкү калкты тейлөө борборлорунда төлөй алышат:

— №1 КТБ, дареги – 12-кичирайон, Нуркамал көч. 29 («ДК» соода борбору);

— №2 КТБ, дареги – Чокон Валихано көчөсү 2;

— №3 КТБ, дареги – Жаш Гвардия проспектиси 4;

— №4 КТБ, дареги – Жибек-Жолу проспектиси 381.

Унаа салыгынан 1-сентябрга, турак жана жер салыгынан кутулууга 2-сентябрга чейин мөөнөт берилген. Мөөнөтүнөн кечиккен жеке тараптарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып салынат.

Кеңири маалыматты 116 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу, ошондой эле жергиликтүү салык органдарынан алууга болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз