Суббота, 23 ноября

Түрк архитекторлору Ташкентти модернизациялайт

0

Түрк архитекторлору жана инженерлери Өзбекстандын баш калаасын модернизациялоого салым кошушат.

Ташкентте бир нече жыл токтоп турган курулуш иштери кайрадан башталды. Түрк архитекторлору Өзбекстандын борбор калаасында бир нече масштабдуу курулуш долбоорлорун ишке ашырышты.

Шаарда курулуш иштери жалпы аянты 335 квадрат километр болгон аянтта жүрүүдө.

Түрк инженер-куруучулары жана  архитекторлор өзбек борборун модернизациялоо жана гүлдөтүү үчүн баардыгын жасашууда.

Ташкент муниципалитетинин чакыруусу менен барган түрк архитектору Мурат Кадер “Анадолу” агенттигине түрк архитектору жана инженерлери Өзбекстандын борборун модернизациялоого салым кошушарын билдирди.

Анын айтуусунда, өзбек баш калаасында жүрүп жаткан архитектуралык долбоорлордун көп бөлүгүнүн автору түрктөр болуп саналат.

«Бүгүн Ташкент дээрлик түркиялык архитекторлор жана дизайнерлер тарабынан кайра курулууда», — деди Кадер.

Кадердин маалыматына ылайык, түрк архитекторлору жана дизайнерлери Өзбекстандын борбор калаасында 12 ири долбоорлорду ишке ашырышмакчы.

Бул долбоор боюнча курулуш иштерин 10 миллион квадрат метр аянтта жүрүп жатат. Курулуш долбоорлорунун ичинде Almazar City, Mirza Uluğbey City, Aktepe City, Yunusabad City деп аталган комплекстерди куруу каралган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз