Россия айрым мамлекеттердин Венесуэладагы саясый абалга кийлигишүүнү уланта бере тургандыктары тууралуу билдирүүлөрүнө тынчсызданууда.
Россия президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен өткөрүлгөн жыйында Венесуэладагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу Россия президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков билдирди.
«Президент жана Россия Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү бир катар мамлекеттердин Венесуэланын ички иштерине кийлигишүүнү уланта бере тургандыктары тууралуу билдирүүлөрүнө тынчсызданышууда», — деди Песков.
Мурда Россия ТИМнин пресс-катчысы Мария Захарова Нидерланд менен АКШнын Кюрасао аралынын инфраструктурасын Венесуэлага гуманитардык жүк жеткирүү үчүн колдонуу үчүн макулдашуусуна түшүндүрмө берген. Анын айтуусунда, АКШ ушундай жол менен Венесуэладагы башаламандыкты күчөтүүнү көздөөдө.
АКШ президенти Дональд Трамп «Россия Венесуэладан кетиш керек».- деп билдирген.
Мындан мурда АКШ президенти Дональд Трамп Венесуэланын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Хуан Гуайдону Николас Мадуронун ордуна убактылуу президент катары тааный тургандыгын жарыялаган.