Суббота, 4 мая

Талибдер Афганистандын президенти Ганиге мунапыс жарыялады

0

Талибдер Афганистандын президенти Ашраф Гани менен вице-президент Амрула Салехке мунапыс жарыялап, алардын мекенине келишине уруксат берди. Бул туурасында РИА Новости талибдердин лидерлеринин бири Халил ур Рахман Хакканинин пакистандык Geo TV телеканалына берген интервьюсуна таянып кабарлады.

«Биз Ашраф Гани, Амрулла Салех жана Хамдулла Мохибди (Афганистан президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси) кечиребиз. Биздин тарап генералдан тарта (бизге каршы согушкан) жөнөкөй кишилерге чейин ырайым кылат», — деген Хаккани.

Согушкерлердин лидерлеринин бири талибдер менен бул үч кишинин ортосундагы каршылык динден улам келип чыкканын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Афганистандын президенти Ашраф Гани «кандуу булоондун алдын алыш үчүн» өлкөдөн чыгып кеткендигин билдирген. Ал эми 16-августка караган түнү «Талибандын» саясий кеңсесинин өкүлү Мухаммед Наим Афганистандагы согуш аяктагандыгын жарыялаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз