Суббота, 18 мая

Афганистандан Катарга эвакуациаланган кыргызстандыктар мекенине алып келинди

0

Афганистандан Катарга эвакуациаланган 11 кыргыз жараны мекенине алып келинди.
Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Маалыматка караганда, бул жарандар буга чейин Америка уюштурган учак менен Катарга жеткирилген. Бүгүн саат 04:40та Доха — Дубай — Бишкек каттамы менен мекенине келишкен.

«Элчилик жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жумуш берүүчүлөр авиабилет сатып беришти», — деп айтылат маалыматта.

19-августка карата Афганистандан 24 кыргыз жараны эвакуацияланган. Алардын 15и Казакстандын атайын учагы менен Алматы шаарына, андан кийин Бишкекке жеткирилген. Тогузу АКШнын атайын учагы менен Кабулдан Катарга жеткирилгени, аларды Кыргызстанга алып келүү жолдору караштырылып жатканы маалымдалган.

Афганистандын аймагында дагы канча кыргызстандык калганы тууралуу так маалымат айтылган жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз