Суббота, 21 сентября

18 миң 459 адам коронавируска каршы эмделди

0

Кыргызстанда сутка ичинде 18 миң 459 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 103 адам вакцинанын биринчи дозасын, 13 миң 356 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 641 миң 102 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 369 миң 633 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз