Воскресенье, 5 мая

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үй камагына чыгарылды

0

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды. Бул маалыматты УКМКдан тастыкташты.

Аталган коммитет анын 50 миллион сом төлөгөндүгүн, тергөө аяктаганга чейин үй камагына алынарын билдирди.

Абылгазиев 2021-жылдын 26-январында коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча айыпталып, кармалган. УКМК анда Абылгазиев мамлекеттик кызматта иштеп турган чагында активдери кескин көбөйүп, расмий түрдө тапкан кирешесинен бир нече эсеге көп чыккандыгын айткан эле.

Биринчи май райондук соту 19-мартта баш коргоо чарасын карап, Абылгазиевди камакка алуу чечимин чыгарган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз