Воскресенье, 5 мая

Сот Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт коюу чарасын өзгөртүүсүз калтырды

0

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт коюу чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирет.

Ал 30-сентябрга чейин УКМКнын тергөө абагында кармалат. Буга чейин Биринчи май райондук соту «Кумтөр ишинин» алкагында кармалган Зулпукаров жана Асылбек Жээнбековду камакта калтыруу чечимин кабыл алган.

Эскерте кетсек, “Кумтөр” иши боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Исхак Пирматов, Талантбек Узакбаев, Өмүрбек Бабанов, учурдагы депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков, мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз