Воскресенье, 19 мая

Афганистандан эвакуацияланган адамдардын саны 48 миңге жакындады

0

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Афганистандан 48 миңге жакын адамдарды эвакуациялады.

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, АКШ акыркы 24 саатта Кабулдагы «Хамид Карзай» эл аралык аэропортунан дагы 10 миң 900 адамды эвакуациялады.

Билдирүүдө, акыркы 12 саатта 15 аскердик рейс менен 6 миң 600, 34 коалициялык каттам менен 4 миң 300 киши ташылып 14 -августта эвакуациялоо башталган 14 -августтан бери АКШ тарабынан эвакуацияланган адамдардын санынын 48 миңге жакындап калгандыгы баса белгиленди.

Ошондой эле билдирүүдө июлдун аягынан бери болжол менен 53 миң кишинин да башка өлкөлөргө көчүрүлгөндүгү маалымдалды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз