Воскресенье, 19 мая

Кабулда жардыруу болду, каза болгондор бар

0

Ооганстандын баш калаасы Кабулда «Хамид Карзай» эл аралык аэропорту жайгашкан аймакта эки жардыруу болду. Жардырууда кеминде 60 киши, арасында жаш балдар, АКШнын 12 аскери да мерт кетип, дагы 140тан ашуун киши жарадар болгонун Ооганстандын саламаттык министрлиги билдирди. Удаа жардыруу Батыштык бир катар мамлекеттер Ооганстандан өз жарандарын жана жергиликтүү өнөктөштөрүн алып кетип жаткан маалда болду. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» радикал тобунун жоочулары өзүлөрүнө алганы кабарланды. Кошмо Штаттар, Германия жана Британиянын бийликтери миңдеген киши Ооганстандан кетүүгө ашыгып чогулган Кабул аэропортуна чабуул даярдалып жатканын бейшембиде эртең менен эскертишкен. Биринчи жардырууну эл чогулган жерге жакын турган жанкечти ишке ашырганы, андан кийин элге туш келди ок атылганы, чабуулдарга карабастан Батыш өлкөлөрү «Талибан» кыймылы бийликке келген Ооганстандан өз кишилерин эвакуациялоону улантып жатканы кабарланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз