Пятница, 17 мая

Бишкектеги кыргыз-түрк достук ооруканасынын ачылышы болду

0

Бишкекте кыргыз-түрк достук ооруканасынын ачылышы болду.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргыз-түрк ооруканасы жогорку деңгээлде болорун айтты. «Ооруканада жогорку технологиялуу операциялар жана дарылоолор жүргүзүлөт, бул дарылануу үчүн кетип жаткан жарандарыбыздын санын азайтат»-деди министр.

Мындан тышкары Бейшеналиев келишимдин алкагында Түркиядан 30 дарыгердин жиберилгендигин белгиледи. «Ошондой эле жакын арада Түркиядан 30 дарыгердин келүүсү пландалууда»-деп кошумчалады министр.

Белгилей кетсек, кыргыз-түрк достук ооруканасында Кыргызстандын жарандарына, чет өлкөлүк жана жарандыгы жок бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн 72 орун даярдалган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз