Пятница, 17 мая

21 миң 172 адам коронавируска каршы эмдөө алды

0

Кыргызстанда 21 миң 172 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 7 миң 973 адам вакцинанын биринчи дозасын, 13 миң 199 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 663 миң 497 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 412 миң 346 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз