Воскресенье, 19 мая

Кыргызстанда парламенттик шайлоо системасы өзгөртүлдү

0

Кыргызстанда парламенттик шайлоо системасы өзгөртүлдү. Президент Садыр Жапаров 27-августта президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы белгилегендей, быйыл 11-апрелде өткөн референдумда жаңы Конституция кабыл алынып, анда парламентти түзүүнүн жаңы тартиби каралган.

Кол коюлган мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округ боюнча (36 мандат) калыптанат.

Аталган мыйзам бүгүнкү күндөн тартып күчүнө кирет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз