Четверг, 2 мая

Казакстандагы жарылуудан каза болгон дагы үч адамдын сөөгү табылды

0

Казакстандын Жамбыл облусундагы жарылуудан каза болгон дагы үч адамдын сөөгү табылды.

Коңшу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, кырсыктан каза болгондордун саны учурда 12ге жетти.

«Такталган маалыматтар боюнча, дагы үч кызматкердин сөөгү табылды. Алар жарылуунун кесепетин жоюу үчүн барган. Учурда алардын аты-жөнү такталууда», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Жамбыл облусундагы аскер бөлүктүн аймагында 26-августта кечки саат тогуздарда өрт чыгып, бир нече жарылуу болгон. Мындан улам бийлик жакын жердеги айылдардын тургундарын коопсуз жайга көчүргөн.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз