Пятница, 19 апреля

Адам жашоосуна ылайыктуу планеталар табылды

0

Илимпоздор Күн системасынын сыртында адам жашоосуна ылайыктуу планеталарды табышты.

Британиядагы Кембридж университетинин окумуштуулары Жердин тышындагы жашоону издөө иштериде маанилүү кадам ташташты. Күн системасынын сыртында издөө жүргүзгөн астрономдор «Hycean» деп аталган жаңы планетаны табышты.

Astrophysical Journal журналында жарыяланган изилдөөгө ылайык, Жерден 2,5 эсе чоң жана 90 пайызы жылуу океандар менен капталган бул планеталардын да суутекке бай атмосферасы бар.

Hycean планеталарындагы суунун болушу Жерден тышкаркы жашоону далилдей алат.

Бул планеталардын чоңдугу изилдөөнү да жеңилдетет. Адистер жашоонун биринчи белгисин 2-3 жылдын ичинде аныктай алабыз деп үмүттөнүшүүдө.

Планеталардын кээ бирлери өз айланасында айланбаганы үчүн бир жагы дайыма жарык, экинчи жагы караңгы.

Жарык жагы алар турган системада күнгө жакын болгондуктан абдан ысык экенин белгилеген илимпоздор жашоонун караңгы тарабында гана мүмкүн болорун болжошууда.

Ушул убакка чейин илимпоздор негизинен Жерге окшош өлчөмдө, массада, температурада жана атмосфералык курамдагы планеталарды издешкен.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз