Жол коопсуздугун камсыз кылган тартип сакчылары мас абалда унаа айдаган шопурлардын көбөйгөнүн айтууда. Чүй облусунда кыска убакытта эле 59 мас шопур аныкталган.
Чүй облусунда тогуз күндүк текшерүү уюштурулуп, анын жыйынтыгында айдоочулардын 3012 жолу эрежени бузганы аныкталды.
Эреже бузуунун так сандары төмөнкүдөй:
59 айдоочу ичип алып рулга отурган;
945 киши катуу ылдамдык менен жүргөн;
34ү тиешелүү документсиз айдап жүргөн;
88 автокөлүк айып короого токтотулган.
Кыргызстанда акыркы күндөрү автокырсык көп болууда. Ири трассаларда жүргүнчү ташыган транспорттор кагылышып, бир эле учурда бир канча адам өмүрү кыйылган учурлар арбыды.