Кыргыз Ньюстун эмгек жамааты Кыргыз жергесинде жашаган ар бир жаранды, ата мекенди сүйүүчүлөрдү, эли-жери үчүн күйгөн инсандарды майрамы менен куттуктайт!
Эгемендүүлүк күнү ар бириңиздердин үйүңүздөргө береке, өлкөбүзгө өнүгүү алып келсин. Кыргыз жергесинде бакубат жашоо, бардар турмуш орун алсын. Үй-бүлөңүздөрдө жакшылык ыроолоп, ырыскыңар мол болушун каалайбыз. Желегибиз желбиреп, мекенибиз дайыма өнүгүү жолунда болсун. Асман тиреген Ала-Тоодон тынчтык, дөөлөт кетпесин.