Өлкөдө суткада коронавирус дагы 145 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шарында – 47, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 31, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 40, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусу — 10 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 360 адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча төрт бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 71 бейтап, амбулатордук түрдө 914 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 175 миң 734 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 169 миң 777 киши айыгып чыкса, 2 миң 528 адам каза болду.