Пятница, 26 апреля

«Ала-Тоо» аянтынан төрт тонна таштанды чыгарылды

0

Кечээ, 31-августта Эгемендүүлүк майрамынан кийин Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтынан төрт тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, бул жылы аянтка шаар тургундары атайын уюштурулган концерт жана майрамдык салют көргөнү келишти.

«Жалпысынан 8 бирдик атайын техника тартылган. Анын ичинде 5 таштанды жыйноочу жана 3 сугаруучу унаа. Таң аткандан баштап «Тазалык» ишканасынын 60 кызматкери майрамда үзгүлтүксүз нөөмөттө болушту. Тазалоо иштери түнкү саат 02:00гө чейин созулду», — деп жазылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз