Вторник, 23 апреля

Ашраф Ганинин өлкөдөн чыгып кетишинин чоо-жайы ачыкталды

0

Ооганстандын Тажикстандагы элчиси Мухаммад Зохир Агбар Ооганстандын экс-президенти Ашраф Ганинин өлкөдөн качып кетишинин чоо-жайын айтты. Маалымат чет элдик басылмаларда жазылды.

Элчинин айтымында, экс-президент өлкөдөн чыгып кеткен күнү өкмөт менен жолугушууну белгилеген. Бирок өкмөт мүчөлөрү аны күтүп турганда, ал үй-бүлөсү менен Кабул шаарынан учуп чыгып кеткен. Ашраф Ганинин кеңешчиси Коргоо министрлигине телефон чалып, Гани жолугушууга саат 16:00дө келерин айткан. Аны баары күтүп жатканда Гани жана туугандары үч учак менен өлкөдөн чыгып кеткен.

Эске салсак, мурдагы президент Ашраф Гани талибдер Кабулду басып кирген күнү өлкөдөн чыгып кеткен. Көп өтпөй ал үй-бүлөсү менен бирге Бириккен Араб Эмирлигинде экендиги белгилүү болгон.

Белгилей кетүүчү нерсе, «Талибан» кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз