Пятница, 17 мая

Байден: 300 миң ооган аскери Талибанга туруштук бере албады

0

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Джо Байден АКШ 20 жыл бою даярдаган жана жабдыган 300 миңден ашуун ооган улуттук коопсуздук күчү талибдер менен болгон жарандык согушта туруштук бере албаганын мойнуна алды. “Бирок биз ооган өкмөтү бир топ убакытка чейин каршылык көрсөтөт деген божомол туура эмес экенин көрдүк“, — деп айтты.

Джо Байден Ооганстандагы АКШнын оккупациясын токтотуу чечими туура болгонун жана Ооган армиясынын кыйрашы мынчалык кыска убакыттын ичинде болоорун көрө алуу мүмкүн болбогондугун да кошумчалады.

Байден АКШ Ооганстандагы 20 жылдык согушун токтотконун, бул АКШнын тарыхындагы эң узак согуш болгонун, АКШ Ооганстандан 120 миңден ашуун кишини алып чыгып, тарыхындагы эң чоң аба эвакуациясын ишке ашырганын белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз