Четверг, 2 мая

Дастан Бекешев УКМК «СОРМ» программасы аркылуу саясатчыларды тыңшаганын айтты

0

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Ички иштер министрлигинин саясатчыларды тыңшоосу боюнча өз пикирин айтты. Бекешев “Биздин мамлекетте саясатчыларды дайыма эле тыңшап келишкен. Соттун чечими барбы же жокпу, угуп эле жүрүшөт. УКМК мурда эле «СОРМ» деген жабдууну коюп, уюлдук операторлорду, интернет-провайдерлерди милдеттендирип, угуп келишкени тууралуу айтылган” – деди.

Жогорку Кеңешти депутаты судья мыйзамсыз чечим чыгарганын, себеби «Прокуратуранын ыйгарым укуктары тууралуу» конституциялык мыйзамга ылайык Жогорку Кеңештин депутаттарына башкы прокурор гана иш козгоорун, ал эми атайын тергөө амалдары, телефон тыңшоолор кылмыш иши козголгондо гана башталаарын эске салды. Бекешев тыңшоо боюнча мыйзамсыз чечим чыгарган Сот Чыңгыз Бердимуратов эртели кеч жооп берээрин кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз