Воскресенье, 28 апреля

Ирак Түркиядан “Байрактар” сатып алат

0

Ирактын коргоо министри Жума Инад, Түркиядан “Bayraktar TB2” учкучсуз учуучу аппаратын, “T129 ATAK” тик учагын жана заманбап куралдарынан сатып алууну пландап жатканын айтты.

Инад Ирактагы жергиликтүү телеканалга берген билдирүүсүндө, «Биз Түркиядан “Bayraktar TB2”, “12 T129 ATAK” тик учактарын жана учкучсуз учуучу аппараттарга каршы 6 коргонуу системасын сатып алуу боюнча сунуштарды жана келишимдерди сурадык. “Bayraktar SİHA” (Куралдуу учкучсуз учуучу аппараты) сатып алуу боюнча макулдашууга жетиштик», — деди.

“Түркиянын Bayraktar учкучсуз учуучу аппараттары абдан өнүккөн жана чоң ийгиликтерге жетишти. Булар түн ичинде да кызмат кылууга жөндөмдүү болгондуктан ДАИШке каршы күрөшүбүздө пайдалуу болот. Ирак армиясында бул технология жетишпейт” — деп айтты Инад.

19-августта Стамбулда өткөн Эл аралык коргонуу өнөр жай жарманкесине (IDEF’21) катышкан Ирактын коргоо министри Жума Инад улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен жолугушкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз