Пятница, 17 мая

Кыргызстанда 12 миң 601 адам коронавируска каршы эмдөө алды

0

Өлкөдө сутка ичинде 12 миң 601 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 148 адам вакцинанын биринчи дозасын, 7 миң 453 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 690 миң 997 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 463 миң 430 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз