Суббота, 18 мая

Бүгүн парламенттик шайлоого катышуучу партиялар билдирмесин тапшыруусунун акыркы күнү

0

Бүгүн парламенттик шайлоого катышуучу партиялар билдирмесин саат 18:30га чейин тапшырышы зарыл. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирет.

Ал эми бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлердин шайлоого катышуусу жөнүндө билдирмеси 13-октябрга чейин кабыл алынат. Алар саясий партиялардан да, өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен да шайлоого катыша алышат.

БШКнын маалыматына ылайык, 2-сентябрь, саат 18:30га чейинки аралыкта 38 партия Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу тууралуу билдирмесин тапшырды. Документ тапшырган саясий партиялар 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин түзүүсү керек.

18-октябрга чейин шайлоого катышуучу саясий партиялар да, бир мандаттуу талапкерлер да тиешелүү документтерин БШКга жиберип, 29-октябрга чейин талапкер катары катталышат.

Белгилей кетсек, Жогоку Кеңештин 7-чакырылыштагы депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз