Пятница, 22 ноября

11-сентябрда АКШда болгон теракт тууралу документтер ачыка чыгарылат

0

Жо Байден 2001-жылы 11-сентябрда болгон теракт тууралуу жарым жылдык документтерди ачыкка чыгарууга буйрук берди.

Байден жабык маалымат коомдук кызыгууну күчөтөт жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет деп эсептейт.

Байден бул маалыматтарды ачыкка чыгаруу убадасын шайлоо өнөктүгү жүрүп жатканда айткан. Мындай талапты 20 жылдан бери маркумдардын жакындары коюп келет. Алар бул кол салууга Сауд Арабиясынын тиешеси бар деп эсептешет. Буга жанкечтилердин көбү падышалыктын атуулу болгону түрткү берген. Курман болгондордун жакындары ФБР Вашингтон менен Эр-Рияддын мамилесин бузбаш үчүн далилдерди жок кылган деп шек санашат. АКШ жана Саудиянын бийликтери бул дооматты бир нече жолу четке каккан.

2001-жылы 11-сентябрда жихадчылар төрт жүргүнчү учагын барымтага алган. Алардын экөө Нью-Йорктун Манхэттен районундагы Бүткүл дүйнөлүк соода борборунун эгиз имараттарын сүзгөн. Үчүнчү лайнер Вашингтондогу Коргоо министрлигинин имаратын көздөй бет алып, Пентагондун чыгыш тарабын сүзгөн. Төртүнчү лайнердин командасы жана жүргүнчүлөр басып алуучулардан башкарууну тартып алууга аракет кылган. Учак Пенсильвания штатына кулаган.

Террордук чабуулдун айынын үч миңдей киши каза таап, тарыхта эң көп курмандыктар катталган теракт катары калды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз