Пятница, 3 мая

БАЭнын компаниясы күн электр станциясы үчүн инвестиция салууга кызыгууда

0

Бириккен Араб Эмиратынан (БАЭ) келген MASDAR компаниясы Кыргызстанда күн электр станцияларынын курулушу үчүн инвестиция салууга кызыгып жатат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда энергетика тармагында кызматташуу маселеси талкууланды. Ошондой эле кыргыз тарап өлкөдөгү энергетикалык долбоорлор боюнча маалымат беришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө БАЭ тарап энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча Кыргызстандын дарамети жогору экенин айтышты. Ал эми «MASDAR» компаниясы күн электр станциясына инвестиция салууга кызыкдар экенин белгилешти. Белгилей кетсек, бул компания Өзбекстанда күндүн нуру менен иштеген электр станциясына 110 миң доллар инвестиция салган.

Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн Энергетика министрликтеринин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол кою сунушу киргизилди. Эми тараптар документтин долбоорун даярдоо боюнча иш жүргүзөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз