Пятница, 3 мая

Роналдо эми “Манчестер Юнайтед” клубун байытууда

0

Англиялык “Манчестер Юнайтед” (МЮ) футболдук клубу 12 саат ичинде Криштиану Роналдунун аты жазылган футболкаларды сатып 45 млн доллар тапты.

Маалыматка ылайык, футболкалардын саны 295 миң 500дөн 406 миң 250гө чейин чыгарылган.

Эскерте кетсек, Роналду “Манчестер Юнайтед” клубуна италиялык “Ювентус” командасынан август айында өткөн. Ал аталган клубда буга чейин 2003-2009-жылдары 292 оюн өткөрүп, 118 гол жараткан.

Криштиану Роналду “МЮ” командасынын катарында Англиянын чемпионатын үч жолу, Чемпиондор лигасын бир жолу жеңген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз