Москвада дарыланып жүргөн саясатчы Өмүрбек Бабанов 5-сентябрда Кыргызстанга кайтып келди. Белгилүү болгондой, ал мекенине машине менен кайтып келген.
Августтун соңунда операция жасалып, дарыгерлер Өмүрбек Бабановго бир канча убакытка чейин самолёт менен учууга тыюу салышкан. Ошондуктан, экс-премьер-министр унаа менен жол жүргөн.
Азырынча, Бабанов өзү жана анын тарапташтары саясатчынын жакынкы пландары тууралуу үн ката элек. Ал учурда Бишкектеги үйундө ден соолугун калыбына келтирүүдө.
Эске салсак, 27-июлда, мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабанов УКМКнын СИЗОсунан ден соолугунун абалына байланыштуу бошотулган. Анткени, чет өлкөдөн дарыланууга тийиш болчу. 10-авугстта Кыргызстандан чыгып кеткен.
Бабанов «Кумтөр» долбоорун ишке ашырып жатканда коррупцияга жол берген деген айыптоо менен ушул жылдын 31-майында камакка алынган. Анын адвокаты соттун чечимине макул эместигин билдирген.