Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин коронавируска каршы вакцина алуусуна мамлекет чоң маани берип жаткан чагы. Айырм ишканалар кызматкерлерден вакцина алганы тууралуу же болбосо ПЧР тестинин жыйынтыгын талап кыла баштады. Социалдык түйүндөрдө коронавируска каршы вакцина алууну каалабагандардын саны аз эмес экени белгилүү.
Ал эми Казакстандын башкы санитардык дарыгери 6-сентябрдан тартып коронавируска каршы вакцина албаган адамдардын жумушка келип иштөөсүнө чектөө киргизүүгө уруксат берген токтомго кол койду.
Чектөө ден соолугуна байланыштуу вакцина сайдырууга болбой турган жана акыркы үч айдын ичинде коронавирус менен ооруп айыккан жарандарга тиешелүү болбойт. Калган эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлер жумушка келүү үчүн жумасына бир жолудан ПЧР-тест тапшырып турууга милдеттүү болушат. Мындай анализдин баасы 15 долларды түзөт.