Суббота, 20 апреля

Биздин спортчулар дагы беш медалдын ээси болушту

0

Күрөш боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казань шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында  дагы 5 медаль утуп алды.

Арсланбек Турдубеков күмүш, Нурканат Кайыпбердиев, Бекмамат Бейшенов, Бакберди Мирсланбеков жана Баяман Мыктыбеков коло медаль тагынышты.

Аталган спорттун түрү боюнча жалпы медалдардын саны боюнча Кыргызстан 3-орунда. Ал эми 1-орунда Орусия, 2-орунда коңшу өлкө Өзбекстан келе жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз