Өлкөдө сутка ичинде коронавирус дагы 100 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 40, Чүй облусунда – 26, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 19, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусу – 4 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 121 адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 3 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 788 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 139 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 682 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 170 миң 745 киши айыгып чыкса, 2 миң 557 адам каза болду.