Пятница, 20 сентября

Түркиянын жашоочулары муниципалдык шайлоолордо добуш беришүүдө

0

Жалпысынан өлкө аймагындагы  194390 шайлоо участкаларында 57058636 шайлоочу добуш беришет.

Түркияда беш жылдык мөөнөткө шайлана турган муниципалитеттердин жетекчилерин шайлоого добуш берүү башталды.

Шайлоого өз талапкерлерин башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясы, Улуу биримдик партиясы, Республикалык элдик партия, Демократиялык партия, Демократиялык солчул партия, Элдик демократиялык партия, İYİ Parti, Улуттук кыймыл партиясы,  Saadet  партиясы, Коммунисттик партия жана Атамекен партиялары көрсөткөн.

Шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дө жабылып, андан соң добуштар саналат.

Добуш берүү күнү Түркияда саат 24:00гө чейин алкогольдук ичимдиктер сатылбайт. Мындан тышкары көңүл ачуучу борборлор жабылып, ал эми үйлөнүү үлпөттөрүнө тиешелүү эрежелерди сактоо шарты менен гана саат 18:00дөн кийин уруксат берилген.

Түркияда медиа каражаттар шайлоо участкалары жабылганга чейин шайлоолор тууралуу маалыматтарды, добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу божомол жана комментарий бербейт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз