Пятница, 20 сентября

АӨЛ (ЛАГ) ай сайын  Палестинага $100 млн. бөлүүгө даяр

0

Бул макулдашуу тууралуу Араб өлкөлөр лигасынын өкүлү Махмуд аль-Хумейри билдирди.

Араб өлкөлөрү Палестинага ай сайын жардам иретинде 100 миллион доллар бөлүп туруу боюнча макулдашуу түзүштү.

“Араб каржылык коопсуздук түйүнүн” түзүү боюнча макулдашуу тууралуу Араб өлкөлөр лигасынын (АӨЛ) өкүлү Махмуд аль-Хумейри билдирди. АӨЛдүн Тунисте өтө турган саммитине даярдык көрүүгө арналган маалымат жыйында сүйлөгөн сөзүндө аль-Хумейри палестина маселеси саммиттин жыйынтыктоочу билдирүүсүндөгү текстке өзүнчө пунк менен киргизилерин маалымдады.

Ошондой эле “эки эл үчүн эки мамлекет” деген принциптин негизинде палестина-израил чатагын тынчтык жол менен чечүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленет. Хумейри мындан тышкары качкындар маселесин козгоп, АӨЛ качкындар жана жер которууга мажбур болгондордун муктаждыгы үчүн бир ирет каржылык жардам берүүнү пландаштырып жаткандыгын кошумчалады.

Сириянын Араб өлкөлөр лигасына мүчөлүгүн калыбына келтирүү боюнча АӨЛнын өкүлү араб өлкөлөрү бул маселе боюнча консенсуска келише электигин айтты. АӨЛнын 2010-жылы Кувейтте өткөн саммитинде Израилдин Палестинага каржылык кысымын ооздуктоо үчүн  “Араб каржылык коопсуздугу түйүнүн” түзүү боюнча чечим кабыл алынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз