«Талибан» (Кыргызстанда тыюу салынган) радикал кыймылынын согушкерлери Норвегиянын Кабулдагы элчилигин басып алышты. Бул тууралуу Норвегиянын Ирандагы элчиси Сигвальд Хауге өзүнүн «Твиттердеги» баракчасында билдирди. Дипломаттын айтымында, кыймылдын өкүлдөрү имаратты кийинчерээк кайтарып берүүнү убада кылышкан.
«Учурда талибтер Норвегиянын Кабулдагы элчилигине киришти. Кийинчерээк бизге кайтарып беришерин айтышты. Бирок алгач вино бөтөлкөлөрүн сындырып, балдардын китептерин жок кылуу керек. Кыязы, алар куралды анча коркунучтуу эмес деп эсептешет», — деп айтылат билдирүүдө.