Суббота, 18 мая

Парламенттик шайлоого канча каражат керектелери айтылды

0

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын билдирүүсүндө алдыдагы парламенттик шайлоого 602 млн сом керектелет. Шайлдабекова бул алдын ала эсептелген чыгымдар экендигин белгиледи.

Ал мындан тышкары чет өлкөлүк донорлордон жардам келүүсү күтүлүп жатканын айтты.

“Мыйзамда чет өлкөдөн келген жардам үч багытка гана көрсөтүлүшү мүмкүн экени жазылган. Атап айтканда, бул кызматкерлерди окутуу процессине, шайлоо тууралуу маалымат кампаниясына жана техникалык колдоо”, — деп түшүндүрдү ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз