Кыргызстан дагы бир өлкөдө элчилик ачат

0

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчилигин уюштуруу жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Мындай чечим Кыргыз Республикасы менен Венгриянын саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыздоо максатында кабыл алынды.

Кыргызстандын Венгриядагы элчили Будапешт шаарында жайгашмакчы. Бул ишти уюштуруу жана буга байланыштуу финансылык маселелерди чечүү Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине жүктөлдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз