Суббота, 12 апреля

Мигранттар бир мандаттуу система боюнча добуш бере алышпайт

0

Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар бир мандаттуу система боюнча Жогорку Кеңешке шайлоого добуш берүүгө катыша алышпайт, — деп билдирди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйынында.

Анын айтымында, чет өлкөлөрдөгү жарандар партиялык система боюнча гана добуш бере алышат.

Эскерте кетсек, чет өлкөлөрдө 54 шайлоо тилкеси ачылат.

Жогорку Кеңешке шайлоо ушул жылы 28-ноябрда өтөт.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз