Понедельник, 6 мая

Бишкекте окуучулар милдетүү түрдө бет кап тагынат

0

Бишкектеги мектептерде маска тагуу милдеттүү түрдө болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын жыйынында вице-мэр Виктория Мозгочева билдирди.

Анын айтымында ар бир мектепте килемче болот жана алар дезинфекциялоочу каражаттарга чыланат. «Имарат дайыма дезинфекцияланып, желдетилип турат. Класстарда дезинфекциялоочу каражаттар болот»-деди вице-мэр.

Мозгочева окуучулардын бет кап тагынуусу милдетүү түрдө болорун белгилеп: «Бизде мектепте окуучулар көп, ошондуктан аралыкты камсыздай албайбыз, бул министрлер кабинетине жөнөтүлдү»- деп кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз