Борбор калаага жүргүнчү ташыган 210 автобус алып келинип, «Ала-Тоо» аянтында жаңы транспортторду тапшыруу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, бул автобустар экологияны булгабайт. Иш-чарадан соң алар дароо маршруттарга бөлүнүп, ишке чыккан.
Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө муниципалитет транспорт көйгөйүн акырындык менен чечүү менен түтүнгө каршы чараларды көрүүдө.