Суббота, 18 мая

«Ата Мекен» жана «Реформа» партиялары бирикти

0

«Ата Мекен» жана «Реформа» партиялары демократиялык коалиция түзүү тууралуу меморандумга кол койду. Бул тууралуу партиянын социалдык тармактагы баракчасында жазылат. Маалыматка караганда, алар БШКга 28-ноябрда өтүүчү парламенттик шайлоого катышууга билдирме беришкен.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бир шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Эскерте кетсек, буга чейин “Ата Мекен” жана “Реформа” партиялары Жогорку Кеңешке шайлоого чогуу катыша тургандыгы  11-сентябрда тараткан билдирүүсүндө маалымдалган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз