Пятница, 20 сентября

Түркиядагы шайлоодо Адилеттүүлүк жана Өнүгүү партиясы жеңишке жетишти

0

Түркиянын президенти өлкөдөгү муниципалдык шайлоолордогу добуш берүүнүн жыйынтыгына түшүндүрмө берди.

Түркиянын президенти  Реджеп Тайип Эрдоган 1-апрелге караган түнү башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АЖӨ) Анкарадагы штаб-квартирасында чогулган тарапкерлерине кайрылып сөз сүйлөдү.

Президент Эрдоган элдин ал башкарган Түркиянын Адилеттик жана өнүгүү партиясын колдоосу өлкөдөгү 15-ирет өткөрүлгөн шайлоодо жеңишке жетишүүгө мүмкүнчүлүк түзгөндүгүн белгиледи.

Түрк лидери 31-марттагы муниципалдык шайлоонун жыйынтыгында курамына башкаруучу АЖӨ кирген “Элдик союз” саясый блогунун талапкерлери 778 муниципалдык органдарда, анын ичинде 16 ири шаарларда жеңишке жетишкендигин билдирди.

Түркиядагы баардык муниципалдык органдардын 56%га жакыны Адилеттик жана өнүгүү партиясынын өкүлдөрү болуп саналат.

Түркиянын президенти 31-марттагы шайлоолордо өлкөнүн кызыкчылыгын колдогон баардык шайлоочуларга, айрыкча этникалык күрт жарандарына ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчы 1-апрелдин таңынан баштап АЖӨ башкаруучу партиянын ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтерди жоюуга баардык күч-аракеттерди жумшай тургандыгын убада кылды.

Алдыдагы жылдар Түркия үчүн кайра түзүүлөрдүн мезгили болорун айтты Эрдоган.

Президент Адилеттик жана өнүгүү партиясы өз саясатын оппоненттерге басым жасоо эмес, өлкө жана улут үчүн кызмат кылуунун каражаты катары карай тургандыгын белгиледи.

«Эч ким, анын ичинде өзүм да жеке кызыкчылыгын Түркиянын кызыкчылыгынан жогору коюуга акысы жок. Ар бир жаран үчүн артыкчылык өлкөнүн кызыкчылыгы болуп саналат», — деди түрк лидери.

«Алдыдагы төрт жарым жылда биз эл аралык жана Түркиянын ичиндеги алдыга койгон максаттарга жетүүгө умтулабыз», — деп баса белгиледи Эрдоган.

Түркия президенти бийлик өлкөдө чоң реформа жасоо боюнча жаңы программаларды даярдап жаткандыгын маалымдады. Түркия бийлиги үчүн 2023-жылга чейинки мезгилдеги артыкчылык экономиканы андан ары өнүктүрүү, экспортту өстүрүп, калкты жумуш менен камсыз кылууну жогорулатуу деди түрк лидери.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз