Мындан бир ай мурда, тагыраак айтканда 27-февраль 2019-жылы электрондук кат куржун аркылуу массалык маалымат каражаттарына төмөндөгүдөй кат келген эле: “Урматтуу кесиптештер! Бүгүн саат 14:00дө Акипрессмаалымат агенттигинде Түркиянын КРдагы элчисининчектен тыш жоруктары боюнча маалымат жыйыны өткөрүлөт. Элчигебайланыштуу тир укмуш фактылар айтылат. Каалоочулар болсо барыпкатышкыла!”
Бизди кошкондо он бешке жакын журналист пресс-жыйынга барышты. “Кайнак” жоопкерчилиги чектелген коому, башкача айтканда “NT” делген магазиндерге байланыштуу сот жараяны жүрүп жатканын айткан Денис Диканский делген жактоочу бул ишти алганына эки эле күн болгонун мойнуна алды. Иш менен толук таанышпай туруп пресс-жыйын уюштуруу туурабы деп бир да жан сурап койгон жок. Түрк элчиси сотко катышууда дегенден башка “тир укмуш” факты уккан жокпуз. Журналисттердин Денис Диканский делген адвокатка берген суроолорун карап туруп массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн көпчүлүгүнүн бул маселени билбей турганына ынандык.
Бирок бул пресс-жыйындан 15 күндөн кийин, тагыраагы 14 февраль 2019-жылы www.vb.kg сайтына “Что общего у посла Турции в Кыргызстане и отечественных судей?” деген аталыштагы макала чыккан. Жогорудагы макаланы карап чыгып “Кайнак” ЖЧК тууралуу изилдеп көрдүк.
“Кайнак” ЖЧК кайдан чыкты?
“Кайнак” ЖЧКсы Түркиядагы эң чоң бизнес уюмдарынын катарына кирген “Кайнак” холдингдин Борбор Азиядагы филиалдарынын бирөө болуп эсептелинет. Фетхуллах Гүлен тобуна тиешелүү бул холдинг Түркияда 1979-жылы курулган. Фетхуллах Гүлендин эң жакын кишилеринин бири болгон Мустафа Өзжан жетектеген бул холдинг Борбор Азия өлкөлөрүндө да “Кайнак” холдинг, “Кайнак Групп”, “Кайнак” ЖЧК сыяктуу фирмалар түптөгөн. Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстанда жана Тажикстанда “NT” дүкөндөрү, “ВЕФА” соода борборлору ачылган. “NT” кеңсе товарлары дүкөндөрү “Себат” сыяктуу Гүлен тобунун мектептерин окуу куралдары жана кеңсе товарлары менен камсыз кылыпт урган.
Ал эми “ВЕФА” соода борбору азыркыга чейин мамлекетке 40 миллион сомдон ашык салык карыз болсо, “Кайнак” ЖЧКсы Жогорку Кеңешке жогорулатылган баа менен 236 миң сомдук товар сатканы аныкталган.
Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийинки “Кайнак” холдингдин тагдыры
251 киши каза тапкан 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетин ишке ашырган ФЕТӨ уюмуна мүчө болгон жана аны каржылаган Түркиядагы “Кайнак” холдинг жетимиштен ашык фирмасы менен кошо түрк мамлекетинин карамагына өткөрүлгөн. “Кайнак” холдингдин Кыргызстандагы филиалы болуп эсептелген “Кайнак” фирмасы да Түрк мамлекетине кайтарылып алынчу мүлктөрдүн тизмесине киргизилген. Мына ушул себептен Түрк тарап Кыргызстандагы “Кайнак” фирмасын кайра алуу аракетин көрүп, Түркиянын элчиси сот жараянына активдүү катышып келген.
Айрым жергиликтүү басылмалар “Кайнак” холдингдин мурдагы жетекчилеринин тагдырына кызыгып койсо болмок. Түрк бийлиги эле эмес, гүленчилердин өздөрү таппай жаткан Мустафа Өзжандын Фетхуллах Гүленди “сызга отургузуп” кеткени белгилүү. Анын артында калган мүлктөр гүленчилердин өз ара таламайына түшкөнүн да унутпоо зарыл. Эмин Кызылкая “белекке” алган “NT” дүкөндөрүн талашкан Нурлан Акматов ошол эле гүленчилердин Ала-Тоо университетин бүтүргөн. 29-июль 2016-жылы (Түркиядагы төңкөрүш аракетинен 14 күндөн кийин) Нурлан Акматов Бишкектеги Бөкөнбаев жана Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги “NT” дүкөнүн ээлеп алганда анын жанында Алишер Розиков жана Лүтфү Лимон делген тажик жана түрк жарандары болгон. Алишер Розиковдун колунда Нурлан Акматовду “Кайнак” фирмасына жетекчи кылып дайындоо боюнча ишеним кат болгон. Ал эми алар менен чогуу дүкөндү ээлеген Лүтфи Лимон Түркиядагы “NT” дүкөндөрүнүн генералдык директорунун орун басары болгон. Түркия бийлиги тарабынан улутташтырыла турганына көзү жеткен “Кайнак” холдингдин ошол мезгилдеги жетекчилиги 2016-жылы Эмин Кызылкая менен Нурлан Акматов экөөнө тең ишеним каттарын кармата салган.Башкача айтканда 100 миллионго тете болгон, бирок Эмин Кызылкая делген катардагы кишиге “белекке” берилген “NT” магазиндерин кайра эле гүленчилердин өздөрү талаша башташкан. Ошондуктан “Кайнак” ЖЧКнын ээсимин деген Эмин Кызылкаянын чет жакты көздөй качуусу, фирманы Кызылкаядан талашкан Нурлан Акматовдун сот жараянына катышпагандыгы, төлөнбөгөн салыктар үчүн жооп берчү адамдын жоктугу дагеле табышмак бойдон калууда.
“Кайнак” ЖЧКсы боюнча окурмандарда пайда болгон айрым суроолорго жооп:
Суроо: “Кайнак” ЖЧКсы боюнча болгон окуялар алдамчылык болуп эсептелеби?
Жооп: Ооба. Миллиондогон долларга тете фирманын Эмин Кызылкаяга “белекке” берилиши, салык төлөнбөшү, фирманын ар башка адамдарга каттатылуусу, бир эле ишеним каттын эки адамга берилиши, так эмес малыматтарды таратуу менен коомчулукту жана мамлекетик органдарды туура эмес жакка багыттоо кылмыш болуп саналат. Такталбаган жана жалган маалыматты тараткан массалык маалымат каражаттары да бул окуяда мыйзам бузган болуп эсептелинет.
Суроо: “Кайнак” ЖЧКнын Түркия Республикасынын карамагына өтүүсү “саясий рейдерликпи”?
Жооп: Эл аралык келишимдерге ылайык ар бир мамлекет чет өлкөлөрдөгү өзүнө тиешелүү мүлктү кайтаруу укугуна ээ. Кыргызстан кандайча АКШдагы Кыргызстанга тиешелүү финансылык каражаттарды алууга аракет кылып жаткан болсо, Түркияда соттун чечими менен мамлекеттин мүлк фондусуна өткөн чет жактагы мүлкүн өзүнө кайтаруу укугуна ээ.
Суроо: “Кайнак” ЖЧКсы боюнча соттук жараяндарга катышуу менен Түркиянын элчиси кыргыз сотторуна басым жасадыбы?
Жооп: Ачык жүрүп жаткан соттук жараянга катышуу сотко басым жасоо болуп эсептелбейт. Буга чейин башка өлкөлөрдүн элчилери да биздин жарандар менен катар эле соттук отурумдарга катышып келишкен. Дүйнөлүк практикада мунун мисалдары арбын. Сотко таасир этүү тобокелчилиги бар учурларда соттук жараяндар жабык өткөрүлөт. Анын үстүнө түрк элчиси түрк мамлекетини нөкүлү жана Түркиянын Прокуратурасынын тапшырмасын аткаруучу катары бул жараянга катышууга милдеттүү. Же мурда АКШнын жана Европа өлкөлөрүнүн элчилери өздөрүнүн миссионерлерин жактап Кыргызстанда сотко катышканын унутуп калдыкпы?
Эң негизгиси Эмин Кызылкаянын жактоочусу Денис Диканский Жогорку Соттун коллегиясына болгон өзүнүн ишенбөөчүлүгүн жана шек саноолорун далилдеши керек.
Суроо: “Кайнак” ЖЧКнын ээсимин деген Эмин Кызылкая каякта?
Жооп: Эмин Кызылкаянын кайда экендиги жана эмне үчүн Кыргызстанга келбей жатканы боюнча суроолорго анын жактоочулары толук жооп бере албай келишет. Нурлан Акматовдун Бөкөнбаев жана Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги “NT” дүкөнүн ээлеп алышы боюнча ачылган кылмыш ишин аягына чыгаруу да маанилүү маселе болуп эсептелинет. Гүленчилердин ичиндеги тирешүү да териштирилиши керек.
Суроо: “Кайнак” ЖЧКнын капиталы кимдики?
Жооп: Бул фирманын капиталы толугу менен Түркиядагы “Кайнак” холдингге караштуу болуп эсептелинет. Түрк жарандарынын каражатына курулган бул холдингдин жетекчиси Мустафа Өзжан алдамчылык баш болгон көптөгөн кылмыштары үчүн азыр издөөдө экени маалым. Эмин Кызылкаянын жактоочусу Денис Диканскийдин айтуусу боюнча, катардагы эле кызматкер болгон Эмин Кызылкая бул фирманы “белекке” алган соң миллиондогон доллар инвестиция кылган. Бирок кандайча бул балчайган фирма “белекке” берилгени жана миллиондогон доллар инвестиция салыгынын тагдырынын эмне болгону дагы деле белгисиз.
Суроо: “VEFA”соода борборунун маселеси да “Кайнак“ фирмасына окшошпу?
Жооп: “VEFA” соода борбору менен “Кайнак“ фирмасынын капиталынын түпкүрү бир. Экөө тең түрк жарандарынын салыгына курулган. Эң өкүнүчтүүсү, Мустафа Өзжан сыяктуу кишилердин айынан экөө тең Кыргызстанда салык жашырышкан жана шектүү түрдө бир колдон экинчи колго өткөн. Ачык булактарды карай турган болсок “VEFA” соода борборунун 40 миллион сом салык карызынын бар экенин жана миллиондогон долларга тете бул мүлктүн да катардагы эле жарандарга каттатылганын көрүүгө болот.
Жыйынтыктап айта турган болсок, “Кайнак” ЖЧКга тиешелүү чыр гүленчилер башкарган эл аралык деңгээлдеги чоң аферанын кичинекей бир бөлүгү болуп эсептелинет. Дүйнө жүзүндөгү 150 мамлекетте ушуга окшогон фирмаларды түптөгөн Фетхуллах Гүлен уюму миллиарддаган долларды АКШнын жана Европанын банктарына катууда. Ушул мезгилге чейин бул топ Кыргызстанда канча арам акчаны адалдаганы, канчалаган каражатты чет өлкөгө чыгарып кеткени белгисиз бойдон калууда. Бул маселени биринчи кезекте Финансылык чалгындоо кызматы иликтеши керек. Ал эми бул маселени чагылдырууда маалыматты бурмалаган, гүленчилердин жетегине кирип мамлекеттик органдарды туура эмес багытка бурган, сот органдарына каршы башка мамлекеттик органдарды тукурган массалык маалымат каражаттары да жооп бериши абзел.
А. Саматов, NazarNews.kg