Пятница, 17 мая

Суткада 1 миң 326 адам коронавируска каршы эмдөө алды

0

Кыргызстанда суткада 1 миң 326 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 647 адам вакцинанын биринчи дозасын, 679 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 735 миң 621 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 522 миң 438 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз