Понедельник, 6 мая

Соттук отурумга Атамбаевдин катышары айтылды

0

Бүгүн, 13-сентябрда, Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум өтөт. Соттук отурумга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, судья Азирет Медеровдун чечими менен дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Соттук отурум саат 14:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев учурда абактагылар дарылануу мүмкүнчүлүгү бар № 47 түзөтүү колониясында кармалып турат. Мурда УКМКнын СИЗОсунда жаткан Атамбаевди ал жакка 2020-жылдын аягында ден соолугу начарлап кеткендиктен которушкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз